2005-жылы Улуу Британиянын беш банкири каржы тутумунун ички кемчиликтерин талдап чыгып, банктык секторду айланып өтүү аркылуу эркин капитал ээлерин түз түзүмдүк каржылоого муктаж ишкерлер менен байланыштыруучу дүйнөдөгү биринчи краудлендинг платформасын негиздешкен. Бул моделде инвестор пайыздык кирешеге ээ болсо, бизнес ликвиддүүлүктү ыкчам жогорулата алат. Ошондон бери краудлендинг Лондондон баштап Алматыга чейин глобалдык каржы тажрыйбасынын ажырагыс бөлүгүнө айланды.
Краудлендинг процесси адатта үч тараптын катышуусунда ишке ашат: ишкер, инвестор жана платформа. Бизнес үчүн бул — конкреттүү милдеттерди аткарууга (сезондук суроо-талапты жабуу, келишимдик милдеттенмелерди аткаруу же жүгүртүү капиталын толуктоо) ыкчам капитал тартуунун эң натыйжалуу куралы. Банктык өтүнмөлөрдү кароо мөөнөтү эки жумадан бир нече айга чейин созулушу мүмкүн — бул жалгыз Кыргызстанга эмес, бүткүл дүйнөлүк банк тутумуна мүнөздүү көрүнүш. Ал эми краудлендинг платформасы бул милдетти бир нече күндүн ичинде чечет.
Бул экосистемадагы негизги байланыштыруучу звено — платформанын өзү. Ал карыз алуучунун төлөө жөндөмдүүлүгүн текшерет, документтерди талдайт, бүтүмдү түзүмдөйт жана эки тарап үчүн шарттардын айкындуулугун камсыз кылат. Натыйжада, инвестор туруктуу кирешеге, ал эми бизнес ашыкча бюрократиясыз капиталга ээ болот.
Жөнгө салуунун эл аралык тажрыйбасы
Ар кайсы өлкөлөрдө краудлендингдин укуктук жөнгө салынышына карай жолу окшош болгон: адегенде практика калыптанып, андан кийин атайын эрежелер иштелип чыккан.
Улуу Британияда биринчи платформа 2005-жылы пайда болуп, дээрлик он жыл бою жалпы жарандык келишимдердин негизинде иштеген. 2014-жылдын апрелинде гана FCA эрежелери күчүнө кирген: платформа операторлору британиялык жөнгө салуучудан өзүнчө авторизация алууга милдеттендирилген.
Кыргызстанга эң жакын мисал — Россия. Атайын мыйзам пайда болгонго чейин ал жакта краудлендинг жалпы жарандык мыйзамдардын базасында иштеп келген: карыз келишимдери, оферталар, платформаларды агенттик жана сервистик коштоо. Россия Банкы рынокко 2015-жылы байкоо сала баштаган, 2016-жылы жөнгө салуу концепциясын сунуштаган, ал эми 2019-жылы платформа операторунун статусун жана Борбордук банктын реестрин бекиткен 259-ФЗ мыйзамы кабыл алынган. Жөнгө салуучунун алгачкы байкоолорунан баштап мыйзам кабыл алынганга чейин беш жылга жакын убакыт өткөн.
Казакстанда бул өткөөл «Астана» эл аралык каржы борбору (АЭКБ) аркылуу тезирээк ишке ашты. 2019-жылы AFSA жөнгө салуучусу карыздык краудфандинг үчүн эрежелерди киргизип, аймактагы биринчи ушундай укуктук негизди түзгөн.

Кыргызстандагы укуктук статус
Кыргызстанда краудлендинг жөнүндө атайын мыйзам азырынча жок. Бирок анын жоктугу тыюу салынгандыгын билдирбейт — жарандык укукта келишим эркиндиги принциби иштейт. Жеке жак КР Жарандык кодексинин 724-727-беренелеринин негизинде юридикалык жакка пайыздык максаттуу карыз берүүгө укуктуу. Мында платформа бүтүмдүн уюштуруучусу катары чыгат.
Banca укуктук конструкциясы карыз келишиминин, инвестор менен платформанын ортосундагы агенттик келишимдин, колдонуучу келишиминин жана маалыматтык кызмат көрсөтүү жөнүндө келишимдин айкалышында түзүлөт. Негизги ишмердүүлүгү ЭЭҮК (ГКЭД) 64.99.0 — «Башка каржылык ортомчулук» коду боюнча катталган. Бул код классификациялык мааниге ээ жана платформаны банк же лицензиялануучу каржы уюму кылбайт. Краудлендинг дал ушундай жол менен Улуу Британияда, Россияда жана Казакстанда иштей баштаган.
Бул сектордун рыноктук потенциалы абдан чоң. Улуттук статистика комитетинин 2025-жылдын 1-январына карата берген маалыматы боюнча, өлкөдө дээрлик 488,4 миң жеке ишкер катталган. Ошол эле учурда банктык каржылоого жетүү жогорку чендер (20–36%) жана күрөөгө болгон катаал талаптар менен чектелген. Компаниянын баалоосу боюнча, 10 миңден ашык чакан жана орто бизнес субъекттери ыкчам каржылоого муктаж — бул ажырым дал ушул платформа үчүн рынокту түзөт.
Banca'нын натыйжалары жана IFC менен биргеликте мыйзамдарды өнүктүрүү
Banca платформасы лизинг, микромобилдүүлүк, автосервистер жана заряддоо инфраструктурасы сыяктуу тармактардагы ондон ашык компанияны каржылады. Капитал алган ишканалар бюджетке 511 миллион сомдон ашык салык жана милдеттүү төлөмдөрдү которуп, 500дөн ашык түз жана 1000ден ашык кыйыр жумуш орундарын түздү. Инвесторлорго 1 миллиард сомго жакын пайыздык жана инвестициялык киреше төлөндү.

Учурда компания Эл аралык каржы корпорациясы (IFC) менен биргеликте альтернативдүү инвестициялоо жөнүндө мыйзам долбоорун даярдап жатат, анда краудлендингге өзүнчө орун берилген. Документти демилгелөө 2026-жылдын күз айына пландаштырылууда. Башка өлкөлөрдө атайын жөнгө салуу рынок иштеп баштаганда жана оюндун эрежелерин бекитүүнү талап кылганда гана пайда болгон. Кыргызстанда институтташтыруунун бул этабы келди.
Ошондой эле окуңуз
Башка жаңылыктар
Бардык жаңылыктар
