Кыргызстан өнөр жай өндүрүшүнүн өсүү темпи боюнча ЕАЭБге мүчө башка мамлекеттерден экинчи жыл катары менен алдыда болуп, эки орундуу көрсөткүчтү сактап келет. 2026-жылдын январь–июль айларында республикада өнөр жай өндүрүшүнүн физикалык көлөмү 11,2%га өстү. Салыштыруу үчүн, ушул эле мезгилде Арменияда өсүш 9,5%ды, Казакстанда 3%ды, ал эми Беларусь менен Россияда 0,1%ды түздү. Евразия экономикалык комиссиясынын маалыматына ылайык, жалпы ЕАЭБ боюнча өнөр жай өндүрүшүнүн өсүшү 0,4% деңгээлинде катталды.
Мында лидерлик өндүрүштүн абсолюттук көлөмүн эмес, анын өсүү темпин мүнөздөй турганын эске алуу зарыл. ЕАЭБдин жалпы көрсөткүчүнө Россия, Казакстан жана Беларусь сыяктуу ири экономикалардын динамикасы олуттуу таасир этет. Бул өлкөлөрдө өндүрүштүн өсүшү дээрлик токтоп калгандыктан, бирикме боюнча жалпы көрсөткүч нөлгө жакын деңгээлде калууда. Ал эми Кыргызстан салыштырмалуу чакан өндүрүштүк базасына карабастан, экинчи жыл катары менен өнөр жай өндүрүшүн жогорку темпте көбөйтүүдө. Белгилей кетсек, 2025-жылдын январь–июль айларында да республикада өнөр жай өндүрүшүнүн өсүшү 12,6%ды түзгөн.
Тармактык диверсификациянын негизги факторлору
Учурдагы өсүштүн түзүмү өнөр жай өндүрүшүнүн тармактык профили сапаттык жактан кеңейип жатканын көрсөтөт. 2026-жылы жети айдын ичинде химиялык продукция өндүрүү 2,9 эсеге, тазаланган мунай продуктуларын өндүрүү 1,8 эсеге, транспорт каражаттарын чыгаруу 41,8%га өстү. Ошондой эле жыгач жана кагаз буюмдарын өндүрүү 37,5%га, курулуш материалдарын чыгаруу 33,6%га, фармацевтикалык продукция өндүрүү 13%га көбөйдү. Кен казуу тармагында өсүш 16,9%ды, металлургия өндүрүшүндө 8,5%ды түздү.
Кайра иштетүү секторунун өсүшүн шарттаган негизги факторлордун бири — ички инвестициялык суроо-талап. Отчеттук мезгилде курулуш тармагындагы дүң продукциянын көлөмү 60,6%га көбөйүп, анын ИДПнын түзүмүндөгү үлүшү 6,2%дан 8,2%га чейин жогорулады. Инфраструктуралык жана турак жай курулушунун кеңейиши цемент, айнек, металл конструкциялары жана мунай продуктулары сыяктуу чектеш тармактардын өндүрүштүк кубаттуулуктарына болгон суроо-талапты арттырып, алардын иш жүктөмүнүн көбөйүшүнө өбөлгө түзүүдө. Натыйжада, жети айдын ичинде товардык сектордогу жалпы өсүш 19,9%га жетти.

Курулуш циклинин өнүгүшү Кыргызстандын өнөр жайынын алтын казууга жана аны кайра иштетүүгө болгон салттуу көз карандылыгын азайтууга өбөлгө түзүүздө, ошондуктан анын көрсөткүчтөрүнүн өзгөрүшү жалпы статистикага олуттуу таасирин тийгизет. 2026-жылы металлургиянын салымы жогорку деңгээлде сакталууда, бирок кайра иштетүүчү сегменттер: мунай-химия, машина куруу жана курулуш материалдарын чыгаруу озуп чыгуу динамикасын көрсөтүүдө.
Баа фактору жана макроэкономикалык чектөөлөр
2026-жылдын январь–июль айларында өнөр жай продукциясынын көлөмү өткөн жылдын ушул мезгилиндеги 374,6 млрд сомдон 525,3 млрд сомго чейин жетти. Номиналдык көрсөткүчтүн өсүшү менен өнөр жай өндүрүшүнүн физикалык көлөм индексинин 11,2%дык өсүшүнүн ортосундагы айырма продукциянын бааларынын өзгөрүшү жана акыркы продукциянын наркынын кайра бааланышы менен түшүндүрүлөт.
Өнөр жай өндүрүшүнүн өсүү темпи акырындык менен басаңдоодо: биринчи жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча өсүш 12,7%ды түзсө, январь–июль айларында бул көрсөткүч 11,2%га чейин төмөндөгөн. Бирок бул өндүрүш көлөмүнүн кыскарышын эмес, өткөн жылдагы жогорку салыштырмалуу базанын таасирин чагылдырат. Тактап айтканда, июль айында өнөр жай өндүрүшү өткөн жылдын ушул айына салыштырмалуу 6,3%га, ал эми 2026-жылдын июнь айына салыштырмалуу 5,5%га өскөн.
Өнөр жай өсүшүнүн орто мөөнөттүү туруктуулугу ички инвестициялык циклдин узактыгына жана өндүрүштү локалдаштыруунун деңгээлине жараша болот. Курулуш тармагы кошумча суроо-талапты калыптандырып, өсүш кен казуу, кайра иштетүү, химия жана курулуш материалдарын өндүрүү тармактарынын ортосунда бөлүштүрүлүп жаткан шартта өнөр жайдын өнүгүүсү кыйла туруктуу негизге ээ болот.
Ошол эле учурда энергетика сектору өнөр жайдын андан ары кеңейишин чектеген негизги факторлордун бири бойдон калууда. Өндүрүштүк кубаттуулуктарды көбөйтүү электр энергиясын өндүрүүчү объектилерди жана тармактык инфраструктураны талаптагыдай өнүктүрүүнү зарыл кылат.
Инвесторлор үчүн өнөр жай өндүрүшүнүн өсүү темпи менен катар анын тармактык түзүмү да чоң мааниге ээ. Негизги кайра иштетүү тармактарынын алтын казууга салыштырмалуу бир нече эсе жогорку темпте өсүшү экономиканын жаңы өндүрүштүк багыттарга өтүп жатканын көрсөтөт. Инвестициялык цикл заманбап өндүрүштүк жана кампалык аянттарга, энергия өндүрүүчү кубаттуулуктарга, логистикалык инфраструктурага жана жабдууларды каржылоого болгон суроо-талапты күчөтүүдө.
Ошол эле учурда алтын казууга болгон көз карандылык жана электр энергиясынын тартыштыгы өнөр жайдын өнүгүшүндөгү реалдуу чектөөлөр бойдон калууда. Дал ушул факторлор келечекте кайсы инвестициялык долбоорлор артыкчылыктуу болорун аныктоодо маанилүү роль ойнойт.
Өнөр жайды өнүктүрүү багытында Central Asia Capital Кыргызстанда өндүрүштү локалдаштырууга тоскоол болгон инфраструктуралык чектөөлөрдү жоюуга багытталган долбоорлорго басым жасайт.
Ошондой эле окуңуз
Башка жаңылыктар
Бардык жаңылыктар
