Финансылык ижаранын санариптик платформасы аркылуу жеке кардарларга жана бизнеске заманбап транспорт каражаттарын сунуштаган Кыргызстандагы эң ири лизингдик компания.

Санариптештирүү жана берүү ылдамдыгы
Компания сектордо биринчилерден болуп андеррайтинг жана бүтүмдөрдү тариздөө процесстерин санариптик форматка өткөрдү. Натыйжада кардардын билдирме берүүсүнөн тартып ачкычты алганга чейинки жол эки саатка чейин кыскарды.

Кардарлар үчүн минималдуу тоскоолдуктар
Катаал банктык процедураларсыз расмий каржылоо: документтердин минималдуу топтому менен берилген билдирмелердин 98%га чейинкиси бекитилет. Баштапкы төлөм 25%дан башталып, камсыздандыруу да камтылат.

Бизнес үчүн комплекстүү чечимдер
Компанияларга жүгүртүүдөгү каражаттарын сактоо менен корпоративдик автопарктарды жана коммерциялык техникаларды жаңыртууга мүмкүнчүлүк берет. Мындан тышкары, каржылоо инструменти салыктык жүктү оптималдаштырууга шарт түзөт.
Долбоор Кыргызстанда жеткиликтүү автолизинг маданиятын өнүктүрүп, өлкөнүн автопаркын экологиялык автоунаалар менен жаңыртууга түрткү берет жана Central Asia Capital фондунун транспорттук-технологиялык экосистемасын чыңдайт.

