Биздин тарых

Инвесторлорго

Долбоорлор

Байланыштар

Кыргызча

Биздин тарых

Инвесторлорго

Долбоорлор

Байланыштар

Кыргызча

Биздин тарых

Инвесторлорго

Долбоорлор

Байланыштар

Кыргызча

Персоналдык маалыматтарды иштеп чыгуу саясаты

1. Жалпы жоболор

1.1 Бул Персоналдык маалыматтарды иштеп чыгуу саясаты (мындан ары – Саясат) Кыргыз Республикасынын «Персоналдык мүнөздөгү маалымат жөнүндө» Мыйзамынын 4-беренесинин 2-бөлүгүнүн талаптарын аткаруу максатында иштелип чыккан жана «Централ Азия Кэпитал» ЖАКында (мындан ары – Кармоочу) персоналдык маалыматтарды иштеп чыгуунун укуктук жана уюштуруучулук негиздерин аныктайт.

1.2 Бул Саясат персоналдык маалыматтарды иштеп чыгууда персоналдык маалыматтардын субъектисинин укуктарын жана эркиндиктерин коргоону камсыз кылууга багытталган жана Кармоочу тарабынан автоматташтырылган режимде да, ансыз да аткарылуучу персоналдык маалыматтар менен болгон бардык операцияларга жайылтылат.

2. Персоналдык маалыматтардын субъекттеринин негизги укуктары жана милдеттери

2.1 Персоналдык маалыматтардын субъекттери төмөнкүлөргө укуктуу:

  • Кармоочу тарабынан иштелип жаткан алардын персоналдык маалыматтары жөнүндө толук маалымат алууга;

  • Кыргыз Республикасынын «Персоналдык мүнөздөгү маалымат жөнүндө» Мыйзамында каралган учурларды кошпогондо, өзүнүн персоналдык маалыматтарына кирүүгө, анын ичинде алардын персоналдык маалыматтарын камтыган каалаган жазуунун көчүрмөсүн алууга;

  • Эгерде персоналдык маалыматтар толук эмес, эскирген, так эмес, мыйзамсыз алынган болсо же иштеп чыгуунун жарыяланган максаты үчүн зарыл эмес болсо, аларды тактоону, блоктоону же жок кылууну талап кылууга;

  • Өз укуктарын коргоо боюнча мыйзамда каралган чараларды көрүүгө, анын ичинде персоналдык маалыматтар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кайрылууга;

  • Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка укуктарды жүзөгө ашырууга.

2.2 Персоналдык маалыматтардын субъекттери төмөнкүлөргө милдеттүү:

  • Кармоочуга өзү жөнүндө так маалыматтарды гана берүүгө;

  • Иштеп чыгуу максаты үчүн зарыл болгон көлөмдө персоналдык маалыматтарды камтыган документтерди берүүгө;

  • Өзүнүн персоналдык маалыматтарынын такталгандыгы (жаңылангандыгы, өзгөргөндүгү) жөнүндө Кармоочуга билдирүүгө.

3. Кармоочунун негизги укуктары жана милдеттери

3.1 Кармоочу төмөнкүлөргө укуктуу:

  • Персоналдык маалыматтардын субъектисинен так маалыматтарды жана/же персоналдык маалыматтарды камтыган документтерди алууга;

  • Субъект тарабынан берилген персоналдык маалыматтарды тактоого.

3.2 Кармоочу төмөнкүлөргө милдеттүү:

  • Персоналдык маалыматтарды Кыргыз Республикасынын «Персоналдык мүнөздөгү маалымат жөнүндө» Мыйзамында белгиленген тартипте иштеп чыгууга;

  • Персоналдык маалыматтардын субъектисинин кайрылууларын карап чыгууга жана арыз берилген күндөн тартып 7 күндөн ашпаган мөөнөттө жооп берүүгө;

  • Персоналдык маалыматтардын субъектисине анын персоналдык маалыматтарына акысыз кирүү мүмкүнчүлүгүн берүүгө;

  • Персоналдык маалыматтардын субъектисинин кайрылуусуна байланыштуу маалыматтарды актуалдаштыруу (жаңылоо) боюнча чараларды көрүүгө;

  • Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык персоналдык маалыматтарды коргоону уюштурууга.

3.3 Кармоочу персоналдык маалыматтардын субъектиси берген персоналдык маалыматтарды ушул Саясатка жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чогултат, пайдаланат жана коргойт.

4. Иштелип жаткан персоналдык маалыматтардын көлөмү жана категориялары, субъекттердин категориялары

4.1 Кармоочу персоналдык маалыматтардын субъекттеринин төмөнкү категорияларынын маалыматтарын иштеп чыгат:

  • Жаран (арыз ээси);

  • Подрядчы/камсыздоочу/контрагент;

  • Мамлекеттик жарандык кызматкер;

  • Техникалык тейлөөчү персонал;

  • Кадрлар резервине кирүү үчүн ачык сынакка катышып жаткан жарандар;

  • Стажер;

  • Башка Кармоочулардын персоналдык маалыматтары менен иштөөгө түздөн-түз жооптуу адам («Персоналдык маалыматтардын массивдеринин кармоочуларынын (ээлеринин) реестри» МС).

4.2 Кармоочу тарабынан иштелип жаткан персоналдык маалыматтарга төмөнкүлөр кирет:

  • Жашаган дареги;

  • Туулган жылы;

  • Туулган күнү;

  • Жеке идентификациялык номери (ЖИН);

  • Кирешелери;

  • Туулган жери;

  • Телефон номери;

  • Билими;

  • Паспорттук маалыматтары (паспорттун сериясы, номери, ким тарабынан жана качан берилген);

  • Аскердик наамы;

  • Кесиби;

  • Үй-бүлөлүк абалы;

  • Фамлиясы;

  • Аты;

  • Атасынын аты;

  • Электрондук почтасы;

  • Кызмат орду;

  • Колу;

  • Эсептешүү эсеби;

  • Эмгек акысы;

  • Кызматтык айлыгы;

  • Иштеген жылдары (выслуга лет);

  • Класстык чини;

  • Оорулардын коду;

  • Эсептелген камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммасы;

  • Квалификацияны жогорулатуу жөнүндө сертификаттын номери;

  • 3x4 өлчөмүндөгү сүрөт;

  • Мамлекеттик жана ведомстволук сыйлыктары.

4.3 Иштелип жаткан персоналдык маалыматтардын атайын категорияларына төмөнкүлөр кирет:

  • Улуту;

  • Саясий көз караштары;

  • Медициналык мүнөздөгү маалыматтар.

4.4 Кармоочу иштелип жаткан персоналдык маалыматтардын мазмунунун жана көлөмүнүн жарыяланган иштеп чыгуу максаттарына шайкеш келишин камсыз кылат жана зарыл болгон учурда алардын ашыкчалыгын четтетүү боюнча чараларды корот.

4.5 Расалык же этникалык келип чыгышын, улутун, саясий көз карашын, диний же философиялык ишенимдерин ачып берүүчү, ошондой эле ден соолугунун абалына жана интимдик жашоосуна тиешелүү болгон персоналдык маалыматтардын атайын категорияларын иштеп чыгуу Кармоочу тарабынан ченемдик укуктук актылардын талаптарынын негизинде гана жана Кыргыз Республикасынын «Персоналдык мүнөздөгү маалымат жөнүндө» Мыйзамынын 8-беренесине так ылайык жүргүзүлөт.

4.6 Персоналдык маалыматтардын тизмеси жана субъекттердин категориялары Кармоочу тарабынан кайра каралышы мүмкүн. Мында өзгөртүүлөр ушул Саясатта милдеттүү түрдө бекитилет жана субъекттерге каалаган жеткиликтүү ыкма менен (расмий сайт, жарыя, пуш-билдирүү, электрондук почтага билдирүү жөнөтүү ж.б.) кабарланат.

5. Персоналдык маалыматтарды чогултуунун максаттары

5.1 Персоналдык маалыматтар Кармоочу тарабынан төмөнкү алдын ала аныкталган жана мыйзамдуу максаттарда иштелип чыгат:

  • Электрондук каттарды жөнөтүү аркылуу Колдонуучуга маалымат берүү;

  • Кыргыз Республикасынын «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Мыйзамынын алкагында жоопторду даярдоо;

  • Ченемдик укуктук актыларга ылайык иш кагаздарын жүргүзүү;

  • Ченемдик укуктук актыларда белгиленген тартипте Кармоочунун кызматкерлеринин жана стажерлорунун кадрдык иш кагаздарын жана эсебин жүргүзүү;

  • Кармоочунун кызматкерлерине эмгек акы төлөө;

  • Кармоочунун кызматкерлеринин убактылуу эмгекке жарамсыздыгына байланыштуу чыгымдарын компенсациялоо;

  • Жарандык-укуктук бүтүмдөрдүн алкагында келишимдик укуктарды жана милдеттенмелерүү аткаруу, ошондой эле көрсөтүлгөн кызматтар, аткарылган иштер жана жеткирилген товарлар үчүн акы төлөө;

  • Кармоочунун келүүчүлөрүнүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын персоналдык мүнөздөгү маалымат жөнүндө мыйзамдарынын алкагында Кармоочудан оозеки түрдө кеңеш алган субъекттердин эсебин алуу.

6. Персоналдык маалыматтарды иштеп чыгуунун укуктук негиздери

6.1 Кармоочу тарабынан персоналдык маалыматтарды иштеп чыгуунун укуктук негиздери болуп төмөнкүлөр саналат:

  • Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

  • Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;

  • Кыргыз Республикасынын Жарандык кодекси;

  • Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси;

  • Кыргыз Республикасынын Салык кодекси;

  • Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Мыйзамы;

  • Кыргыз Республикасынын «Персоналдык мүнөздөгү маалымат жөнүндө» Мыйзамы;

  • Кыргыз Республикасынын «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Мыйзамы;

  • Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамы;

  • Персоналдык маалыматтардын субъекттеринин маалыматтарды иштеп чыгууга берген макулдугу (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 759 токтомуна ылайык);

  • Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2018-жылдын 25-декабрындагы № 137-П «Мамлекеттик башкаруу секторунда бухгалтердик эсепти жүргүзүү жана финансылык отчеттуулук боюнча жобону бекитүү жөнүндө» буйругу.

7. Персоналдык маалыматтарды иштеп чыгуунун тартиби жана шарттары

7.1 Кармоочу тарабынан персоналдык маалыматтарды иштеп чыгуу төмөнкү ыкмалар менен жүзөгө ашырылат:

  • Автоматташтырылган иштеп чыгуу;

  • Автоматташтыруу каражаттарын колдонбостон иштеп чыгуу.

7.2 Кармоочу тарабынан аткарылуучу персоналдык маалыматтарды иштеп чыгуу, ыкмаларына карабастан, автоматтык каражаттар менен же аларсыз персоналдык маалыматтарды чогултуу, жазуу, сактоо, актуалдаштыруу, топтоо, блоктоо, өчүрүү жана жок кылуу максатында аткарылуучу каалаган операцияларды же операциялардын топтомун камтыйт.

7.3 Персоналдык маалыматтарды иштеп чыгуу Кармоочу тарабынан персоналдык маалыматтардын субъектисинин макулдугу (мындан ары – Макулдук) алынган шартта жүзөгө ашырылат. Мыйзамда мындай Макулдуксуз эле иштеп чыгуу жүргүзүлүшү мүмкүн болгон учурлар мындан тышкары.

7.4 Персоналдык маалыматтардын субъектиси өзүнүн персоналдык маалыматтарын берүү жөнүндө чечимди өзү кабыл алат жана аны кагаз жүзүндө жазма формада же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык электрондук кол тамга менен кол коюлган электрондук документ формасында берет.

7.5 Персоналдык маалыматтарды иштеп чыгууну токтотуунун шарты болуп иштеп чыгуу максаттарына жетүү, маалыматтарды актуалдаштыруу, ошондой эле субъекттин кайрылуусунун же соттук актынын негизинде аныкталган персоналдык маалыматтарды мыйзамсыз иштеп чыгуу фактыларын табуу саналат.

7.6 Кармоочу иштеп чыгуу максаттарына жетүү үчүн, субъекттин макулдугу болгон учурда, маалыматтарды алуучуга бул маалыматтардын купуялуулук режимин сактоо милдети жүктөлгөн шартта, персоналдык маалыматтарды үчүнчү жактарга берүүгө укуктуу.

7.7 Кармоочу персоналдык маалыматтарды иштеп чыгууда аларды мыйзамсыз же кокусунан кирүүдөн, жок кылуудан, өзгөртүүдөн, блоктоодон, көчүрүүдөн, берүүдөн, таратуудан, ошондой эле башка мыйзамсыз аракеттерден коргоо үчүн зарыл болгон укуктук, уюштуруучулук жана техникалык чараларды көрөт же алардын аткарылышын камсыз кылат.

7.8 Персоналдык маалыматтар аларды чогултуу максаттарын аткаруу үчүн зарыл болгон мөөнөттөн ашык сакталбоого тийиш. Сактоо мөөнөттөрү персоналдык маалыматтардын субъектисинин кызыкчылыгында гана же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда узартылышы мүмкүн.

8. Персоналдык маалыматтарды актуалдаштыруу, оңдоо, өчүрүү жана жок кылуу, субъекттердин маалыматтарга кирүү сурамдарына жооп берүү

8.1 Персоналдык маалыматтардын так эместиги же аларды иштеп чыгуунун мыйзамсыздыгы тастыкталган учурда, маалыматтар Кармоочу тарабынан аларды чогултуунун, сактоонун жана иштеп чыгуунун мыйзамдуулугуна жараша актуалдаштырылууга, блоктолууга же жок кылууга тийиш, же болбосо аларды иштеп чыгуу токтотулушу керек.

8.2 Персоналдык маалыматтардын так эместиги же аларды иштеп чыгуунун мыйзамсыздыгы боюнча субъект түздөн-түз Кармоочунун дарегине же Персоналдык маалыматтар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кайрылууга укуктуу.

8.3 Персоналдык маалыматтардын субъектисинин жазма суроо-талабы боюнча Кармоочу аткарылып жаткан персоналдык маалыматтарды иштеп чыгуу жөнүндө төмөнкү маалыматтарды чагылдыруу менен билдирүүгө милдеттүү:

  • Персоналдык маалыматтардын массивинин кармоочусу (ээси) тарабынан маалыматтардын иштелип жаткандыгынын фактысын тастыктоо;

  • Персоналдык маалыматтарды иштеп чыгуунун укуктук негиздери жана максаттары;

  • Кармоочу тарабынан колдонулуучу персоналдык маалыматтарды иштеп чыгуунун максаттары жана ыкмалары;

  • Кармоочунун аталышы жана жайгашкан жери, Кармоочу менен түзүлгөн келишимдин же мыйзамдын негизинде персоналдык маалыматтар берилиши мүмкүн болгон же аларга кирүү укугу бар адамдар жөнүндө маалыматтар (Кармоочунун кызматкерлерин кошпогондо);

  • Тиешелүү субъектке тиешелүү болгон иштелип жаткан персоналдык маалыматтар, аларды алуунун булагы;

  • Персоналдык маалыматтарды иштеп чыгуунун мөөнөттөрү, анын ичинде аларды сактоо мөөнөттөрү;

  • Персоналдык маалыматтардын субъектиси тарабынан ушул Мыйзамда каралган өз укуктарын жүзөгө ашыруунун тартиби;

  • Маалыматтарды чек ара аралык (трансграничная) берүү жүзөгө ашырылгандыгы же болжолдонуп жаткандыгы жөнүндө маалымат;

  • Ушул Мыйзамда жана (же) башка ченемдик укуктук актыларда каралган башка маалыматтар.

8.4 Эгерде субъект суралып жаткан маалыматка кирүү укугуна ээ болбосо, анда ага негизделген баш тартуу кат жөнөтүлөт.

8.5 Сактоо мөөнөтү аяктагандан кийин жана персоналдык маалыматтарды чогултуу максаттарына жеткенде, алар эки жуманын ичинде жок кылынууга тийиш. Жок кылуу акт менен ырасталат, анын көчүрмөсү субъекттин жазма суроо-талабы боюнча ага тапшырылышы мүмкүн.

9. Корутунду жоболор

9.1 Бул Саясатта чагылдырылбай калган персоналдык маалыматтарды иштеп чыгууга байланыштуу бардык мамилелер Кыргыз Республикасынын «Персоналдык мүнөздөгү маалымат жөнүндө» Мыйзамынын жоболоруна ылайык жөнгө салынат.

9.2 Кармоочу бул Саясатка өзгөртүүлөрдү киргизүүгө укуктуу. Өзгөртүүлөр киргизилген учурда актуалдуу редакцияда акыркы жаңыланган күнү көрсөтүлөт. Саясаттын жаңы редакциясы ал таанышуу үчүн эркин кирүүгө жайгаштырылган учурдан тартып күчүнө кирет. Мында пландаштырылып жаткан өзгөртүүлөр тууралуу жаңы редакция жарыяланган күнгө чейин кем эмес 14 жумушчу күн мурун алдын ала милдеттүү түрдө жарыялануусу шарт.

9.3 Саясаттын актуалдуу версиясы Интернет тармагында эркин кирүү үчүн төмөнкү дарек боюнча жайгашкан: https://ca.capital/policy.

Кызматтар лицензияланган

Бардык укуктар корголгон ©2026

Кызматтар лицензияланган

Бардык укуктар корголгон ©2026

Кызматтар лицензияланган

Бардык укуктар корголгон ©2026