Улуттук бренд менен Кыргыз Республикасында автоунааларды ири түйүндүү ыкма менен чогултуу долбоору.

Тектеш тармактардын өнүгүшү
Автоунаа өндүрүшүн локалдаштыруу металл иштетүү, пластик, автохимия, электроника жана логистика сыяктуу тармактарда жергиликтүү ишканаларга жаңы рынок түзөт. Долбоордун айланасында туруктуу жеткирүүчүлөрдүн тармагы калыптанып, чакан жана орто бизнес үчүн узак мөөнөттүү буйрутмаларга мүмкүнчүлүк түзүлөт

Жаңы индустриалдык саясат
Muras улуттук автомобиль брендин түзүү Кыргызстанда машина куруу тармагын өнүктүрүүгө жаңы багыт берет. Долбоор жаңы өндүрүштүк компетенцияларды түзүүгө, квалификациялуу жумуш орундарын көбөйтүүгө жана өлкөнүн импортко болгон көз карандылыгын азайтууга багытталган.

Ишенимдүү өнөктөштүк
Долбоор Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн стратегиялык колдоосу алдында Central Asia Capital тике инвестициялар фонду тарабынан демилгеленген.
Долбоор аймактын заманбап өнөр жай жана технологиялык экосистемасын калыптандыруу боюнча Central Asia Capital фондунун стратегиясын ишке ашыруу менен, Кыргызстанды индустриялаштыруунун жаңы этабына жол ачкан маанилүү долбоор болот.

